Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу кайгыруу, күйүнүү, муңкануу, сыздоо же аябай эңсөө, көксөө. Элди, жерди сагынганын айтып, бир көрсөм дегидей болсо, оозунан көк түтүн буркурайт (Аалы). В.: Оозунан көк түтүн буратуу. Чоң атам Шырдак ошондогу турмушун эскергенде «олда оңбогон куу турмуш ай»– деп оозунан көк түтүн буратып арман менен айтканын али да болсо кулагыма угулгансып турат (Жантөшев). Ал шофер болушту эңсегендей болсо оозунан көк түтүн буркурайт (Өмүрбаев). Оозунан көк түтүн булоо. Төрөбеков болсо оозунан көк түтүн булап, эмне деп жооп кайтарарын билбей туруп калды (Егиналиев). Оозунан көк жалын чыгуу. Кайгысын айтат буркурап Оозунан көк жалын чыгат шыркырап («Манас»). Абылым дегидей болсо, бечара Батийнанын оозунан көк жалын чыгат (Сыдыкбеков). Оозунан көк түтүн чыгуу. Сүйгөн жарын, асыл балдарын эстегенде Иващенконун оозунан көк түтүн чыгып, тапка келген кыргыйдай алга умтулат да турат (Баялинов). Оозунан чыгат көк түтүн Ойдогу дарты козголуп («Эр Табылды»).